Автор: Маалыматтык саясат сектору
9 Апрель 2025 ж. 12:03
Көрүлдү: 1377
Бүгүн, 9-апрелде, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышып жаткан Токтогул районунун Кара-Жыгач айылындагы Т. Жундубаев атындагы орто мектебине барды.
Министр изилдөөгө катышып жаткан окуучуларга ийгилик каалап, мугалимдер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Андан кийин мектептин имараты менен таанышты жана Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бекмурза Батыркуловго арналган музейди көрүп, эстелик китебине кол тамгасын коюп, ой-пикирин калтырды.

Мындан тышкары, мектептин алдында ачылган “Чынаркан Апа” балдарды эрте өнүктүрүү борборуна баш багып, ал жерде тарбияланып жаткан балдарга “Түлкү менен турна” жомогун окуп берди.
