ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДА МУГАЛИМДЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

8 Апрель 2025 ж. 17:46

Көрүлдү: 494

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы №29 М. Нургазиев атындагы орто мектебинде мугалимдер менен жолугушту.

post.title

Иш-чарага Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев, Токтогул районундагы мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана айылдын тургундары катышты. 

Министр педагогдорго «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет жана 2025-2026-окуу жылына карата пландар тууралуу айтып берди. 

Иш сапардын максаты региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо, билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат. 

Министр 8-11-апрель күндөргө белгиленген иш сапарынын алкагында Токтогул районунун жана Талас облусунун агартуучулары менен жолугушат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар