Автор: Маалыматтык саясат сектору
8 Апрель 2025 ж. 12:22
Көрүлдү: 1542
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан экологиялык билимди тереңдетүү жана климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууда жаш муундардын катышуусун күчөтүү максатында, мектеп жана бала бакчаларда экологиялык көйгөйлөрдү STEM дисциплиналары аркылуу чечүүгө үйрөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирди.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча Жарлыгын, “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” Жарлыгынын иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында мектептердин жана бала бакчалардын аймактарында экологиялык компост аянтчалары уюштурулуп, окуучулар органикалык калдыктарды кайра иштетүүнү тажрыйба жүзүндө үйрөнүшөт.
Алгачкы этапта долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин карамагындагы билим берүү уюмдарында пилоттук түрдө башталат. Бул боюнча тиешелүү жобо жана уюштуруу иштери Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, борбордун директору Уланбек Рыскулов жана экология бөлүмүнүн башчысы Динара Мамбеткулова катышкан жыйында талкууланып, бекитилди.
Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборуна жүктөлгөн.