СЛОВАКИЯ УНИВЕРСИТЕТТЕРИ КЫРГЫЗСТАН ЖАРАНДАРЫНАН ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ БАШТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Апрель 2025 ж. 18:08

Көрүлдү: 1256

2025-2026-окуу жылы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына Словакия Республикасынын жогорку окуу жайларында гранттык негизде окууга стипендиялык программаларга арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Словакия Республикасынын Элчилиги билдирди.

post.title

Арыздар 2025-жылдын 24-мартынан тартып электрондук форматта кабыл алынууда. Арызды электрондук каттоо жана толук документтер топтому менен жөнөтүү үчүн акыркы күн – 2025-жылдын 25-майы.

Каттоо жана документтерди электрондук түрдө берүү жөнүндө маалымат тиркемеде 6 баракта англис жана орус тилдеринде жайгаштырылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар