Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
28 Март 2025 ж. 18:28
Көрүлдү: 450
Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 28-мартта, Каракол шаарынын жана Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондорунун педагогдору менен жолугушту.
Иш-чара Каракол шаарында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда болду. Ага Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору Ч. Сыдыкова жана аталган институттун эмгек жамааты, К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун проректорлору, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мамлекеттик жана жеке менчик жалпы билим берүү уюмдарынын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдери катышты.
Жыйында Л. Самыкбаева 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн негизги максаттары, артыкчылыктары жана билим берүү тармагын санариптештирүү маселелери жөнүндө кеңири баяндама жасады.
Жыйындын жүрүшүндө “Алтын Казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун жүрүшү жана билим берүүнү санариптештирүү пландары, тактап айтканда, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн учурдагы талаптары жана анын келечектеги артыкчылыктары талкууланды. Атап айтканда, окуучулардын компетенттүүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүү, билимдин сапатын жогорулатуу, эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Ошондой эле, билим берүү мекемелерин санариптештирүү, мугалимдерди IT багытында даярдоо, билим берүү процессинде заманбап технологияларды колдонуу тууралуу да кызуу талкуулар жүрдү.
Жыйындын соңунда катышуучулар билим берүүдө натыйжалуу реформа жүргүзүү үчүн биргелешип иш алып баруу зарылдыгын баса белгилешти. Мындай иш-чаралар региондордогу билим сапатын жакшыртууга жана келечек муунду заман талабына ылайык даярдоого чоң түрткү болору белгиленди.