БИШКЕКТЕ ВАУЧЕРДИК КАРЖЫЛОО БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Март 2025 ж. 17:15

Көрүлдү: 356

2025-жылдын 27-мартында Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинде ваучердик каржылоо боюнча жыйын өткөрдү.

post.title

Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, эксперттер, ошондой эле Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунун билим берүү башкармалыктарынын каржы кызматкерлери катышты.

Ваучер – бул мамлекет тарабынан балага кепилденген минималдуу каржылоо. Мамлекет социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн 1 жаштан 6 жашка чейинки балдары үчүн ваучердик каржылоо механизмин пилоттук негизде ишке киргизүүдө. Бул механизмдин негизги максаты – мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана алардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти жана райондук билим берүү башкармалыктары ваучердик каржылоо механизми боюнча кеңири маалымат алышып, даярдык иштерин башташты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар