Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
28 Март 2025 ж. 14:00
Көрүлдү: 354
Министр Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 28-мартта, Жалал-Абад шаарында билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.
Иш-чара Жалал-Абад облустук Барпы атындагы Драма театрында өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Винера Райымбачаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Усенов, ошондой эле Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана тургундары катышты.
Министр “Алтын Казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасынын артыкчылыктары жана 2025-2026-окуу жылына иш-аракеттер планы тууралуу айтып берди. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, бүйүр кызыткан суроолорго жооп алууга мүмкүн болду.