Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
27 Март 2025 ж. 14:00
Көрүлдү: 427
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 27-мартта, Ош облусунун агартуучулары менен жолугушту.
Иш-чара Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өттү. Ага Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун, ошондой эле Өзгөн шаарынын билим берүү уюмдарынын жетекчилери, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Каныбек Апбасов жана анын орун басары Максатбек Ибраимов, Ош технологиялык университетинин ректору Жамболот Турсунбеков, Ош облустук билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева жана жергиликтүү тургундар катышты.
Д. Кендирбаева катышуучуларга “Алтын Казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагында 2025-2026-окуу жылына карата иш-аракеттер планы тууралуу айтып берди. Министр “Алтын Казык” программасы баланын жаш курагын өзгөртүү же инфраструктуралык өзгөрүүлөрдү киргизүү максатын көздөбөй баса белгилеп, негизги көңүл билим берүүнүн мазмунун жана окутуу методикасын өзгөртүүгө буруларын айтты.
Ошондой эле, ал 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн негизги максаты Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу экенин белгиледи.
Д. Кендирбаева агартуучулардын суроолоруна жооп берди.