АЛАЙДЫН МУГАЛИМДЕРИ “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ПЛАНДАР ТУУРАЛУУ КАБАРДАР БОЛУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Март 2025 ж. 17:44

Көрүлдү: 490

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 25-28-мартында Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында 26-мартта Алай районунун Гүлчө айылындагы № 2 Тапык Отунчиев атындагы орто мектептин мугалимдери менен жолугушту.

post.title

 

Министр мугалимдерге “Алтын Казык” программасынын алкагында 2025-2026-окуу жылына карата иш-аракеттер планы тууралуу маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Мектеп директору Маратбек Нышанов министр “Алтын Казык” программасынын маанисин ар бир мугалимге эң жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жеткиргенин айтты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар