МИНИСТР АЛАЙДЫН ТУРГУНДАРЫН КАБЫЛ АЛЫП, ПЕДАГОГДОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Март 2025 ж. 11:10

Көрүлдү: 330

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 25-28-мартында Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймактарына белгиленген иш сапарынын алкагында 26-мартта Алай районунун жалпы  билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

post.title

Иш-чара Алай райондук мамлекеттик администрациясында өтүп, анда министр «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылы жасалган иштер жана 2025-2026-окуу жылына мерчемделген пландар тууралуу кенен маалымат берди.

Жолугушуунун алкагында катышуучулар 12 жылдык билим берүү боюнча бардык суроолоруна  жоопторду ала алышты.

Иш сапардын максаты - региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар