АЛАЙДАГЫ МЕКТЕПТИН КҮНӨСКАНАСЫ ОКУУЧУЛАРДЫ ТАЗА АЗЫК МЕНЕН КАМСЫЗДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Март 2025 ж. 10:07

Көрүлдү: 303

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 25-28-мартында Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында Алай районундагы Сопу-Коргон айылынын №3 Токтогул атындагы орто мектебине барды.

post.title

Министр мектептин имараты жана күнөсканасы менен таанышып, анын жакшы уюштурулганын белгиледи. Ал күнөсканада өстүрүлгөн экологиялык таза продукт окуучулардын ден соолугу үчүн пайдалуу экенин жана биология сабагын дал ушул жерде өткөрүү окуучулар үчүн  кызыктуу жана пайдалуу болоорун айтты.

Мектептин директору Кыялбек Шадыбековдун айтымында, күнөскана 2023-жылдан бери иштеп келет. Анда помидор, бадыраң жана ар кандай гүлдөр өстүрүлүп, окуучуларга айыл чарба иштерин үйрөнүүгө шарт түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар