Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Март 2025 ж. 18:02
Көрүлдү: 285
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик кызматчылары 2024-жылдын декабрь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин англис тилин окушууда.
Курс Борбордук Азия Университетинин Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби тарабынан жүргүзүлүүдө.
Курстардын 1-этабы 2025-жылдын февраль айында аяктап, учурда 40 мамлекеттик кызматчы 2-этабында окуп жатышат.
Толук курсту 2025-жылдын май айы менен аяктоо пландалууда.