МИНИСТР ЧОҢ-АЛАЙДЫН ПЕДАГОГДОРУ МЕНЕН “АЛТЫН-КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Март 2025 ж. 16:51

Көрүлдү: 372

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 25-28-мартында Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймактарына белгиленген иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун педагогдору менен жолугушту.

post.title

Жыйын Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өттү, ага мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 

Министр педагогдорго «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылы жасалган иштер жана 2025-2026-окуу жылына пландар тууралуу маалымат берди. 


 
Иш сапарынын негизги максаты - региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар