Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Март 2025 ж. 16:41
Көрүлдү: 401
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ БДАП) жана Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте мектеп ашпозчуларынын конкурсун жарыялайт.
Мектеп тамагынын даамдуу, пайдалуу жана креативдүү экенин далилдөөгө даяр болгон мектеп ашканасынын ашпозчулары үчүн каттоо бүгүндөн башталат!
2019-жылы башталган бул конкурс жыл сайын өткөрүлүүчү салтка айланып калды. Мындан мектеп ашпозчулары өздөрүнүн кулинардык таланттарын, чыгармачылыгын жана өз ишине болгон сүйүүсүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Конкурс мектеп ашпозчусу кесибинин статусун көтөрүүгө жана балдардын мектептеги тамактануусунун сапатын жакшыртууга жардам берет.
Быйыл катышуучуларды мектептеги тамактарды даярдоо боюнча өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү үчүн көптөгөн кызыктуу тапшырмалар: санитардык эрежелерди, нормаларды жана коопсуздук чараларын билүү, мектептин менюсундагы тамактарды белгиленген убакытта бышырып жетишүү, тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө жаатында ата-энелерден блиц-сурамжылоо жүргүзүү, кулинардык эрөөл жана жадагалса тамактануу блогунун шарттарынын бузуулушун аныктоо боюнча практикалык квест күтүп турат.
Аймактык тандоо турлары 2025-жылдын май-июнь айларында өлкөнүн жети облусунда өткөрүлөт. Бул иш-чарага Google-форма аркылуу катталган же schoolmealsawards@gmail.com электрондук дарегине өтүнмө жөнөткөн бардык мектеп ашпозчулары катыша алышат, уюштуруучулар жол кире жана турак жай чыгымдарын компенсациялашат.
Конкурстун финалы 2025-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарындагы Компетенциялар республикалык борборунда өтөт. Ар кайсы аймактардан келген жети мыкты ашпозчу ысык мектеп тамагынын автордук рецепттерин сунуштайт. Финалда катышуучуларды мастер-класстар, алдыңкы эксперттердин пайдалуу кеңештери жана баалуу байгелер күтөт жана жабдууларды сатып алууга сертификаттар, жекече белектер жана дипломдор тартууланат.
Биз ашпозчуларды, ата-энелерди жана мугалимдерди мектеп тамагын даамдуу жана пайдалуу кылган таланттуу адистерди колдоого чакырабыз. Жаңылыктарга көз салып туруңуздар!
Ашпозчулук жөндөмүңүздү жана шыгыңызды көрсөтүүн убагы келди!
Конкурс "Мектеп тамактануусун оптималдаштыруу" программасынын алкагында Кыргызстандын 920 мектебинде 250 000ден ашуун окуучуну ысык тамак менен камсыз кылат.