Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Март 2025 ж. 14:33
Көрүлдү: 188
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 25-мартта Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылындагы Б. Жумабаев атындагы орто мектепке жана Кара-Кабак айылынын Кара-Кабак орто мектебине барды.
Министр Б. Жумабаев атындагы мектептеги Памирден келген этникалык кыргыз окуучулар жана ошол мектепте эмгектенген памирлик техникалык кызматкерлер менен жолугушуп, “Алтын Казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагында 2025-2026-окуу жылына иш-аракеттер планы менен тааныштырып, алардын суроолоруна жооп берди.
Жолугушууга Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов, орун басары Бекназар Бакыбеков жана Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Алашов да катышты.