Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
21 Март 2025 ж. 11:28
Көрүлдү: 630
2025-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын мугалимдери, мектеп директорлору жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушту.
Министр агартуучуларга “Алтын казык” программасы тууралуу презентация жасап. Мугалимдердин суроолоруна жооп берди. Жыйынга
Баткен районунун акими Данир Иманалиев, Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев, Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Осмон Эркебаев да катышты.