Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
20 Март 2025 ж. 20:30
Көрүлдү: 663
📌 Бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Баткен шаарындагы Академиялык клиникасынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду. Президент С. Жапаров аталган клиникага 2 тез жардам автоунаасын тапшырды.
Эске сала кетсек, Академиялык клиниканын пайдубалына Президент С. Жапаров 2022-жылдын 28-июнунда мезгил кутусун салган. Бүгүнкү күндө бул заманбап медициналык борбор бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган.