Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
20 Март 2025 ж. 17:07
Көрүлдү: 334
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 136 токтомуна ылайык 2025-2028-жылдар аралыгында пилоттук негизде «Тунгуч» онлайн-мектеби түзүлдү. Бул демилгенин башкы максаты – географиялык жактан алыс жайгашкандыгына, ден соолугуна же башка себептерге байланыштуу кадимки мектепке бара албай калган окуучуларды сапаттуу билим менен камсыздоо жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу жаңы ыкмаларды өнүктүрүү.
Долбоордун башкы өзгөчөлүктөрү:
Каржылоо жана уюштуруу:
Бул пилоттук долбоор Кыргызстандагы онлайн-билим берүүнү жаңы баскычка көтөрүп, коомдун ар кыл катмарындагы балдарга жана жаштарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү ачат. «Тунгуч» онлайн-мектеби – келечектин инновациялык багытына кадам таштаган маанилүү демилге.
Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылыңыздар (E-mail: info@edu.gov.kg).