Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
20 Март 2025 ж. 16:20
Көрүлдү: 825
2025-жылдын 19-мартында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин кезектеги жыйыны министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын жетекчилиги астында болуп өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасында таанылган 10 аккредитациялык агенттиктин 2024-жылдагы аткарган иштеринин жылдык отчёттору каралды. Отчётторду кароодо аккредитациялоо чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актылардын талаптарынын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.
Төмөнкү агенттиктердин отчёттору канааттандырарлык эмес деп табылды:
1. “Эл баасы” аккредитациялык агенттиги мекемеси;
2. “Ednet” (“EdNet”) билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттын кепилдиги боюнча агенттиги” коомдук фонду;
3. “БИЛИМ-СТАНДАРТ” көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги” коомдук фонду;
4. “Сапаттуу билим” билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттиги;
5. “Рейтингди жана сапатты аккредиттөө агенттиги” мекемеси.
Белгилей кетсек, ушул жылдын март-июнь айларында бардык таанылган агенттиктердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 “Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген документтердин талаптарына ылайык кемчиликтери аныкталган агенттиктерге таасир этүү чаралары колдонулат.
Отурумда агенттиктердин отчётторунан тышкары төмөнкү маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды:
- агенттиктердин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлүүчү мониторинг учурунда Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлөрүнүн байкоочу катары катышып, жеринде ишке ашырылбай жаткан талаптар менен таанышуусу;
- ушул жылдын апрель айында окуу жайларынын жетекчилери, аккредитациялык агенттиктердин жетекчилери, Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлөрү жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда аккредитациялоонун айрым маселелерин талкуулоо;
- Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнү экспорттоо концепциясын иштеп чыгуу;
- Аккредитациялык агенттиктерге жүргүзүлгөн мониторингдин жана ар тараптуу талкуулардын жыйынтыгын эске алуу менен ченемдик укуктук документтерге өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу.