МИНИСТР НООКАТ РАЙОНУНДАГЫ ОПТИМИЗАЦИЯ БОЛГОН МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Март 2025 ж. 23:20

Көрүлдү: 677

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 19-мартта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы Ак-Терек башталгыч мектебинин имаратын көрүп, окуучулардын ата-энелери менен жолугушту.

post.title

Министр ата-энелер менен баарлашып жатып, айрым мектептерди оптимизациялоонун максаттарын белгилеп өттү. 

Жолугушууга Ноокат районунун акими Эмил Чакибаев, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев, Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла Абдылдаевдер да катышып, ата-энелерге мыйзам чегинде жасалып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат беришти. 

Соңунда Ак-Терек башталгыч мектебин оптимизациялоо маселеси боюнча ушул жылдын май айына чейин жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бир чечимге келүү сунушталды.

Маалымат үчүн: Ак-Терек башталгыч мектеби 2024-жылдын ноябрь айында К. Бобулов атындагы Баргы орто мектебинин филиалы болгон. Ушул тапта бул мектепте 18 окуучу окуп, 3 мугалим эмгектенүүдө, билим берүү процесси үзгүлтүккө учураган жок. Бул мектепке мамлекет тарабынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Баргы орто мектебине барып-келип окуу үчүн мектеп автобусу берилген. Ошондой эле 7 чакырым алыстыкта жайгашкан жаңы салынып бүткөн Алмалык орто мектебинен билим алуу сунушталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар