ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ОШТО ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАН МЕКТЕПТЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Март 2025 ж. 16:27

Көрүлдү: 773

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында 12-мартта Ош облусунда катталган жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган мектептердин абалы менен таанышууда.

post.title

Белгилей кетсек, Ош облусу боюнча жалпы 14 социалдык объект, анын ичинде 12 мектеп, 1 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобунун имараты жабыркаган. Атап айтканда, Кара-Суу району боюнча 12 мектептин жана 1 бала бакчанын дубалында жаракалар пайда болгон. Алардын ичинен 7 мектеп жана 1 бала бакча Жоош айыл аймагында, 1 мектеп Ала-Тоо айыл аймагында, 3 мектеп Датка айыл аймагында, 1 мектеп Савай айыл аймагында жайгашкан. 

Зилзаладан жабыркаган Кара-Суудагы № 10 Питомник орто мектебинин директору Бактыгүл Акматованын айтымында, мектеп 2005-жылы ашар жолу менен курулган. 

Министр Д. Кендирбаева аталган айылда жаңы мектеп курууга пландалган жери бар экенин, мугалимдерге кооптонууга негиз жок экенин айтты.

Ал эми № 101 К. Момбеков атындагы орто мектептин директору Нуриля Сыдыкова аталган мектеп 540 окуучу орунга ылайыкталганын, бирок ушул тапта бул мектепте 1716 окуучу билим алып жатканын, ушундан улам жаңы имарат куруу зарылдыгын билдирди. 

Иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Медресе айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу жакын арада башталары маалым болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар