МУХТАРБЕК БАЙМУРЗАЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

19 Март 2025 ж. 8:59

Көрүлдү: 512

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Супаналиев Бекжан Төрөбаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

post.title

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемеси менен Баймурзаев Мухтарбек Арапбаевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бул кызматка дайындалганга чейин ал Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар