Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
17 Март 2025 ж. 18:22
Көрүлдү: 821
Мамлекет социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн 1 жаштан 6 жашка чейинки балдары үчүн пилоттук режимде ваучердик каржылоо механизмин киргизе баштады. Биринчи этапта пилоттук аймактарга 1000 ваучер берилет.
Пилотто 10 сааттык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлер жана жеке бала бакчалар тартылат.
Ваучер – бул балага берилген минималдуу мамлекет тарабынан кепилденген каржылоо. Ваучердин негизги наркы бир балага айына 2000 сомду түзөт. Ваучердин жогорулатуу коэффициенттери бар, мисалы, жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн баласы үчүн ваучердин баасы 3100 сомду, майып балага 4560 сомду түзөт. Баткен районунун жетүүгө кыйын, бийик тоолуу, алыскы аймактарында жана чек арага жакын аймактарында аймактык коэффициенттер колдонулат.
Ваучерди ким ала алат?
1. 18 жашка чейинки 5 (беш) жана андан ашык балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, анын ичинде асырап алынган балдар;
2. жеке ассистенттин кызматын албаган майыптыгы бар балдар;
3. ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) I же II топтогу майып жана ал майыптыгы боюнча ай сайын социалдык жөлөк пул алган балдар;
4. Ар бир үй-бүлө мүчөсүнө ай сайын кирешеси жакырчылыктын чегинен төмөн болгон аз камсыз болгон үй-бүлөнүн баласы
5. Үй-бүлө мүчөсүнө эсептегенде жалпы кирешеси 1000 сомдон аз болгон аз камсыз болгон үй-бүлөнүн баласы.
6. Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.
Ата-энелер кантип баласына ваучер алууга кайрыла алышат?
1. «Балалык» системасында ваучерди алуу үчүн электрондук арызды толтурат: https://balalyk.edu.gov.kg/accelerator/, анда бала жөнүндө маалымат, жеңилдик категориясы жана жашаган жеринин дареги көрсөтүлөт.
2. Сиздин арызыңыз айыл өкмөтүнүн же мэриянын социалдык маселелер боюнча комиссиясы тарабынан каралып, баланын ваучер алууга укугу жөнүндө чечим чыгарылат.
3. Ваучерди алуу үчүн кезектүүлүк тартиби автоматтык түрдө (реалдуу убакыт режиминде) "Балалык" системасында ваучерди алууга арыз берилген датага жараша түзүлөт жана ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жеке кабинетинде чагылдырылат.
4. “Балалык” системасында ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жеке кабинетин ачуу керек: https://balalyk.edu.gov.kg/accelerator/.
Белгилей кетсек, Комиссия чечим кабыл алганда, сиздин балаңызга тиешелүү келишимдер түзүлгөндөн кийин мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерди жана жеке бала бакчаларды каржылоо үчүн колдонула турган уникалдуу код менен ваучер ыйгарылат. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү мектепке чейнки билим берүү уюмун өз алдынча тандап ала алышат. Арыз берүүгө шашылыңыз, республика боюнча 37 районго 1000 квота каралган.