Кыргызстан менен Корея билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашышты

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

11 Март 2022 ж. 21:27

Көрүлдү: 943

Ушул жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бактияр Орозов Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ мырза менен жолукту.

post.title

Жолугушууда тараптар билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата билим берүү жаатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү тууралуу ой бөлүшүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну түзүүнү макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар