PISA – 2025КЕ ДАЯРДЫК КАНДАЙ ЖҮРҮҮДӨ?

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Март 2025 ж. 17:49

Көрүлдү: 800

Кыргыз Республикасында 2025-жылдын 1-апрелинен 20-майына чейин PISA – 2025 билим берүүнүн сапатын эл аралык изилдөөнүн негизги этабы башталат, ага 197 жалпы билим берүү уюмунан 15 жаштагы 6900гө жакын кыргызстандык өспүрүмдөр катышат.

post.title

Ушул тапта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары – Департамент) PISA – 2025 негизги изилдөөсүн даярдоо жана өткөрүү боюнча иш алып барууда.

Изилдөө Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (OECD) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу астында жүргүзүлөт. 

PISA – 2025тин негизги этабы изилдөөгө катышуу үчүн тандалып алынган өспүрүмдөр окуп жаткан уюмдардын имарат жайларында компьютердик негизде болот. Тандалып алынган окуу жайлары тиешелүү классты же аудиторияны даярдашы керек. Департамент тест жана анкета тапшыруу үчүн ар бир окуучуну ноутбуктар менен камсыз кылат. Изилдөөнү сапаттуу тескөө үчүн тест администраторлору жана IT адистер, ошондой эле билимдин сапатына мониторинг жүргүзүүчү улуттук адистер тартылат. 

Ошондой эле, изилдөөнү сапаттуу деңгээлде жүргүзүү үчүн 2025-жылдын 17-мартынан 20-мартына чейин тест администраторлору жана IT адистер үчүн окутуу тренингдери уюштурулууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар