Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
13 Март 2025 ж. 11:55
Көрүлдү: 222
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык мектептик билим берүүнү этап-этабы менен киргизүүдө. Кыргызстандагы билим берүү системасын трансформациялоо – бул биздин балдарыбызды учурдун талабына жооп берген сапаттуу билим менен камсыз кылуудагы кадам.
Бул окуу процессин терең карап чыгууну билдирет. Мектептик билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты, предметтик стандарттар, окуу программалары жана окуу китептери иштелип чыгууда, алардын максаты мектептик билим берүүнүн мазмунун сапаттуу өзгөртүү болуп саналат.
Дооталиева Жанара, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси: “Бул өзгөртүүлөрдүн алкагында биздин мугалимдер практикалык багыттагы технологияларды, биринчи кезекте STEM программасынын алкагында өздөштүрүүдө. Бул технологиялар ийгиликтүү билим берүү системасы бар өлкөлөрдө кеңири колдонулат. Математика, табият таануу, физика, химия, биология жана англис тили боюнча окуу материалдары бардык класстар үчүн тиешелүү түрдө толугу менен жаңыртылат”.
Жаңы окуу материалдары бул окуу-методикалык комплекстер экенин, аларда окуучулар үчүн окуу китеби жана жумушчу дептер, аудио жана видеоматериалдар жана мугалим үчүн методикалык колдонмодон турарын белгилей кетүү маанилүү. Мурда окуу китептери татаал академиялык тилде жазылса, азыр алар практикалык билимге, заманбап техникага багытталган.
Бул окуу китептери маалыматты жөнөкөй жаттоону талап кылбайт жана интерактивдүү тапшырмалардын эсебинен окуучулардын өз алдынчалыгы менен критикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырууга жана мотивациясын жогорулатууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, жаңы окуу китептери мамлекеттик жана эл аралык билим берүү стандарттарына жооп берет.
2025-жылы мамлекет тарабынан окуу китептерин чыгарууга 744 млн сом каралды. 2025-2026-окуу жылында төмөнкү окуу-методикалык комплекстер басылат:
- “Англис тили” (3-9-класстар үчүн) – жалпы тиражы 2,34 млн нуска, 350 млн сомдон ашуун суммага;
- “Математика” (1, 2, 5, 8 – класстар үчүн) – жалпы тиражы 1,4 млн нускага жакын, суммасы 200 млн сомго жакын;
- “Табият таануу” (1, 2, 5, 8 – класстар үчүн) – жалпы тиражы 1,4 млн нускага жакын, суммасы 200 млн сомго жакын.
Бүгүнкү күндө англис тили, математика жана табият таануу боюнча жаңы окуу китептери сатылып алынып, которулду жана Кыргыз Республикасында колдонуу үчүн адаптацияланып жатат.
2026-2027-окуу жылында математика, табият таануу, химия, биология, физика жана астрономия боюнча окуу китептери, 2027-2028-окуу жылында математика, химия, биология, физика жана астрономия боюнча окуу китептери жарык көрөт.
Ошондой эле, окуу китептеринин саны муктаждыктарга толук жооп берерин жана тартыштык болбой тургандыгын баса белгилөө керек. Окуу китептери базарларда сатылбайт – алар бардык мектептер үчүн акысыз. Окуу китептеринин жарымы ижарасыз берилет, калгандарына символикалык төлөм каралган. Бардык китептер коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгаруу максатында мамлекеттик “Учкун” басмаканасында басылып чыгат.
«Окуу китеби» басмаканасынын директору Ильяс Сарыбаев: “Улуттук окуу китептеринин сапатын жогорулатуу жана билим берүү мекемелерин зарыл окуу материалдары менен камсыз кылуу максатында 2024-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети «Жаңы китеп» мекемеси менен «Окуу китеби» республикалык илимий-тажрыйбалык борборун бириктирип, мамлекеттик «Окуу китеби» басмаканасын түзүү чечимин кабыл алды”.
Учурда басмакана жаңы окуу китептерин экспертизадан өткөрүү жана басып чыгарууга даярдоо боюнча активдүү иштеп жатат. Маанилүү кадамдардын бири катары, Marshall Cavendish (Сингапур) басмаканасынын окуу-методикалык комплекстерин мөөнөтсүз пайдалануу укугун алуу болду.
Бул билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөт жана окуучуларды сапаттуу окуу материалдары менен камсыз кылат.
Жаңы англис тили окуу китептери Кыргызстандагы мектептерди заманбап жана сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн Кембридж программасына ылайыкташкан китептер иштелип чыгууда. Жаңы окуу жылында Marshall Cavendish Education тарабынан иштелип чыккан «Take Off with English» окуу китебинин адаптацияланган версиясы жарык көрөт.
Жаратылыш таануу боюнча жаңы окуу китептери 1–9-класстар үчүн «Жаратылыш таануу» (Табигый илимдер) окуу-методикалык комплекстери жергиликтүү жана улуттук компоненттерди эске алуу менен адаптацияланып жатат. Учурда бул материалдарды кыргыз жана орус тилдерине которуу, адаптациялоо жана экспертизадан өткөрүү процесси жүрүп жатат. 1, 2, 5 жана 8-класстар үчүн окуу китептери 2025–2026-окуу жылында басылып чыгарылып, мектептерге жеткирилет.
Жаңы китептердин артыкчылыктары:
• Алар дүйнөлүк билим берүү практикаларына жана глобалдык стандарттарга негизделген.
• Окуу процесси сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
• Маалыматты жаттоо эмес, түшүнүү жана талдоо негизги орунда.
• Практикалык тапшырмалар жана лабораториялык иштер реалдуу жашоого жакындатылган.
• Билимди баалоо талкуу, анализ жана окуучулардын тыянагы аркылуу жүргүзүлөт.
• Сабактар интерактивдүү жана кызыктуу болуп, оюн ыкмалары жана топтук талкуулар менен байытылат.
Окуу материалдары санарип платформалар жана мультимедиалык ресурстар менен толукталат. Заманбап чет элдик окуу китептерин киргизүү окуучулардын эл аралык экзамендерге даярдыгын жакшыртат.
Көп этаптуу экспертиза Бардык окуу китептери басылып чыкканга чейин төмөнкү экспертизалардан өтөт:
Илимий экспертиза – мазмунунун заманбап илимий билимдерге шайкештигин текшерүү.
Илимий-педагогикалык экспертиза – мугалимдер жана окуучулар үчүн методикалык ылайыктуулугун баалоо.
Гендердик экспертиза – мазмунда дискриминация жана стереотиптер жок экенин көзөмөлдөө.
Практикалык педагогикалык экспертиза – окуу китептеринин окуу процессиндеги ыңгайлуулугун талдоо.
№67-гимназия мектебинин биология мугалими, эксперт Жамангулова Гүлнара: «Учурда окуу китептерин жаңы билим берүү стандарттарына ылайыкташтыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Ошондой эле өзгөчө алыскы аймактардагы окуучулар үчүн маанилүү болгон окуу китептеринин электрондук версиялары иштелип чыгууда. Бул билим берүүнүн сапаттуу ресурстарына кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”.
Marshall Cavendish Science окуу китептерин орус жана кыргыз тилдеринде ийгиликтүү адаптациялоо үчүн Кыргызстандын маданий, табигый жана билим берүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл. Адаптациянын негизги аспекттери төмөнкүлөр:
• Билим мазмунунун жергиликтүү шарттарга шайкеш келиши – улуттук маданиятты чагылдырган жергиликтүү ысымдарды жана мисалдарды колдонуу.
• Жергиликтүү флора жана фаунаны интеграциялоо – жергиликтүү жаныбарлар жана өсүмдүктөр жөнүндө маалымат кошуу, Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрүн чагылдыруу.
• Улуттук илимий жетишкендиктерди жайылтуу – кыргыз окумуштууларынын эмгектерин баяндоо, мисалы:
• Асел Сартбаева – химия
• Жумакадыр Акенеев – экология
• Технологияларды интеграциялоо
— Онлайн тапшырмаларды жана интерактивдүү элементтерди киргизүү;
— Интернетке жеткиликтүүлүгү чектелген аймактар үчүн оффлайн материалдарды иштеп чыгуу.
Жаңы окуу программасы окуучулардын жоопкерчилигин, аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүн жана турмушта керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет.