АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ: 50 000 ЖАКЫН КЫЗДАР STEM ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ОКУУДАН ӨТҮШТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Март 2025 ж. 18:48

Көрүлдү: 1502

“Илимдеги кыздар” демилгеси ишке ашырылып келаткан 5 жылдын ичинде 48 000 кыз STEM боюнча курдаштары үчүн тренингдерде окуудан өтүштү. Аялдардын эл аралык күнүнө карата долбоордун катышуучулары илим жана техника жаатындагы жетишкендиктерин менен тааныштырышты.

post.title

 

Бүгүн, 7-мартта, ЮНИСЕФ Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө “Кыздардын максаттары: Келечекти кыздар менен бирге ачабыз” деп аталган шыктандыруучу иш-чараны өткөрдү. Иш-чара гендердик теңчиликти бекемдөө, кыздарга билим берүү жана келечектеги артыкчылыктарды аныктоодо секелек кыздардын пикирин эске алуу боюнча улуттук иш-аракеттерге арналды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун өкүлдөрү жана өспүрүм кыздар катышты. Иш-чарада бүгүнкү күндө гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча демилгелердин кыздардын жашоосуна тийгизип жаткан таасири, таанымал аялдардын STEM’ге катышуусу жана улуттук күн тартибинде өспүрүм кыздардын үнү катуурак жаңырып турушу өңдүү маселелер талкууланды.

Бул иш-чара Бээжин декларациясынын кабыл алынышынын жана Иш-аракеттер платформасынын 30 жылдыгын белгилөө менен гендердик теңчиликке жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында глобалдык умтулууларда бурулуш учурдан кабар берет. ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлиги жана STEM4Girls долбоорунун донору болгон Clé de Peau Beauté компаниясы менен кызматташтыкта Кыргызстандагы аялдардын кыймылынын 100 жылдыгын белгилеп, активист аялдардын салымын баалап, гендердик теңчиликке жетишип, Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

“Технологиялык өзгөрүүлөр, экологиялык жана климаттык чакырыктар орун алып жаткан чакта, ошондой эле жасалма интеллект тездик менен өнүккөн шарттарда Кыргызстанда STEM-билим берүүнү өнүктүрүү өтө маанилүү. Кыздардын илимге жана технологияларга бирдей тартылышын баса белгилөө сапаттуу адамдык капиталды өнүктүрүп, Кыргызстандын өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат”, - деди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.

ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Дж. Тапа кыздардын жана өспүрүмдөрдүн билим алуу укугун, анын ичинде STEM’ди колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Кыздарды колдоо деген калктын жарымын колдоо дегенди билдирет, бул Кыргызстандын өнүгүүсү жана келечектеги ийгилиги үчүн абдан маанилүү”, - деди Тапа. ЮНИСЕФ кыздар кыйынчылыктардын алдында кайраттуулугун көрсөтүп, келечекке болгон үмүттү сактап калышууда деп эсептейт. Алар бардык кыздар корголгон, аларга урмат менен мамиле жасалган, укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон келечекке жигердүү умтулушууда. Бирок, бул келечекке жетүү үчүн алардын керектөөлөрүнө кулак төшөп, жооп кайтара алган союздаштар керек.

2020-жылдан бери Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ жана Clé de Peau Beauté менен кызматташтыкта аярлуу жамааттарда өсүп жаткан кыздар жана балдар үчүн STEM-билим берүүнү жигердүү илгерилетип келатат. Бул өнөктөштүк салттуу социалдык ченемдерге чакырык таштап, гендердик стереотиптерди бузууда. Натыйжада 60 000ден ашык өспүрүм, анын ичинде 48 000 кыз STEM боюнча өз ара окуудан өтүп, бул тармактарда даярданып, карьерасын улантууга стимул алышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар