КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ШЫЛУУНДАР WHATSAPPТА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН АТЫНАН ЖАЛГАН БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ ТАРАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Март 2025 ж. 15:13

Көрүлдү: 1463

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мессенжерлер жана социалдык тармактар (WhatsApp, Telegram, Facebook) аркылуу белгисиз номерден билдирүүлөрдү жиберип, министрдин атынан телефон чалган шылуундар тууралуу эскертет.

post.title

Министрлик жарандарды сак болууга чакырат: эгерде сиздерге министрдин атынан телефон чалса же “Менин жаңы телефон номеримди сактап алыңыз” деген өтүнүч менен билдирүү жиберсе, мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева эч качан минтип телефон чалбайт жана минтип өтүнбөйт.

Ошондуктан өзүн министрликтин кызматкеримин деп тааныштырган адамдардын телефон чалууларына ишенбөөгө, акча которбоого жана жеке маалыматты бербөөгө чакырабыз.

 Эгер сиздер мындай кырдаалга кабылсаңыздар, тастыктоо үчүн өзүңүздөр байланышып жүргөн министрликтин кызматкерине телефон чалууну суранабыз.

Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер!

Шектүү шилтемелерге кирбеңиздер!

Сак болуңуздар жана шылуундардын торуна түшүп калбаңыздар!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар