Автор: Борбордук аппарат
10 Март 2022 ж. 14:41
Көрүлдү: 1219
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышкан Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 9-мартындагы жыйынында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ант берди.
Эске сала кетсек, 16-февралда Жогорку Кеңеш Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берген. 17-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.