Автор: Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
26 Февраль 2025 ж. 19:26
Көрүлдү: 3686
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана чет өлкөлүк иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга Stipendium Hungaricum программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө” меморандумга ылайык 2025-2026-окуу жылына Венгриянын жогорку окуу жайларында (мындан ары – ЖОЖ) окууга Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 200 орун бөлүнгөн.
Жыл сайын жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумга ылайык Stipendium Hungaricum Scholarship Program венгр өкмөттүк стипендиялык программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Венгриянын ЖОЖдорунда (бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура) венгр тилинде же англис тилинде окуусу үчүн гранттар бөлүнөт.
Быйыл конкурска катышуу үчүн 618 өтүнмө катталды. Анын ичинен докторантура программасына 12 өтүнмө, магистратурага – 136 өтүнмө, бакалавриатка 470 өтүнмө берилди.
Алдын ала тандоо конкурсунун жыйынтыктары:
Бакалавриат программасынын катышуучуларынын тизмеси
Магистратура программасынын катышуучуларынын тизмеси
Докторантура программасынын катышуучуларынын тизмеси
Белгилей кетсек, кыргыз тарап сунуштаган (негизги жана кошумча тизмелердеги) бардык талапкерлердин документтери Венгриянын ЖОЖдоруна кароого жиберилет. Андан аркы тандоо венгр тараптын ар бир ЖОЖнун талаптарына, эрежелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Сунушталган талапкерлерге стипендияларды ыйгаруу же ыйгарбоо жөнүндөгү акыркы чечимди Венгриянын ЖОЖдорунан алган тастыктоолордун негизинде “Темпус” коомдук фондунун Камкорчулар кеңеши (Венгрия) кабыл алат.