КЫТАЙ ӨКМӨТТҮК СТИПЕНДИЯСЫНА БЕРИЛГЕН ӨТҮНМӨЛӨРДҮ ТЕХНИКАЛЫК КАРООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Февраль 2025 ж. 13:45

Көрүлдү: 404

2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында Кытай Кыргызстандын жарандарына 2025-2026-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы программалары боюнча 17 орун (стипендия) бөлгөн.

post.title

Конкурска катышууга жалпысынан 249 (“бакалавр” багыты боюнча – 119, “магистр” багыты боюнча – 44, докторантура боюнча – 9, тил такшалмасы программасы боюнча – 77) жаран катталган. Анын ичинен 157 жаран (“бакалавр” багыты боюнча – 64, “магистр” багыты боюнча – 26, докторантура боюнча – 7, тил такшалмасы (үйрөнүү) программасы боюнча – 62) өз арызын берген.

Жүргүзүлгөн алдын ала конкурстук тандоонун жыйынтыгына ылайык министрлик жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун алкагында 2025-2026-окуу жылына КЭРдин ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн төмөнкү жарандарды сунуштайт:

🔗 Техникалык кароонун жыйынтыгы

Белгилей кетсек, конкурстун техникалык талаптарына жооп берген аппликаторлордун тизмеси Кытай тарапка андан ары тандоо үчүн сунушталат.

Ал эми талапкерлерди андан ары тандоо Кытайдын ар бир ЖОЖунун талаптарына, эрежелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Тандоонун жыйынтыгы боюнча Кытайдын ЖОЖдору талапкерлердин окууга кабыл алууга даярдыгы жөнүндө өздөрү маалымдашат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар