БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУ МААЛЫМАТТЫК КОШТОО  БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Февраль 2025 ж. 21:53

Көрүлдү: 1667

2025-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2028-жылдарга мектептик билим берүүнү трансформациялоо, башкача айтканда, мектептик билим берүүнүн улуттук моделин этап-этабы менен ишке ашыруу процессин маалыматтык коштоо маселелерине арналган семинар өткөрдү.

post.title

Семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин, министрликке караштуу ведомстволук уюмдардын жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери, кызматкерлери, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.


Семинардын жүрүшүндө билим берүүнүн улуттук моделин камтыган бир катар стратегиялык документтер талкууланып, конструктивдүү сунуштар берилди. Ошондой эле  катышуучулар өлкөнүн билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар жөнүндө жалпы кыргызстандыктардын маалымдуулугун жогорулатуу чараларын да кеңири талкуулашты.  


Семинардын алкагында катышуучуларга Кыргызстандын билим берүүсүн  трансформациялоонун алкагында иштелип чыккан жаңы санариптик платформалар тааныштырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар