Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
6 Февраль 2025 ж. 18:02
Көрүлдү: 1637
Бүгүн, 6-февралда, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алды.
Министр Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун информатика, технология жана искусство кафедрасынын башчысы Жумабек Дүйшөналиевдин музыка сабагы боюнча предметтик стандартты иштеп чыгууга байланышкан сунушун угуп, колдой турганын билдирди.
Министрдин кабыл алуусуна жазылган жарандардын бири Майрамкан Айдарова Кадамжай районундагы Ак-Кыя мектебин оптималдаштыруу маселесин карап, чечип берүүнү суранды. Министр азыркы учурда ар бир мектепте электрондук күндөлүк киргизилип жатканын, анда окуучулардын саны так көрсөтүлөрүн айтып, бул маселе объективдүү караларын кошумчалады.
Министр башка жарандардын да кайрылууларына кулак түрүп, бардык кайрылуулар белгиленген мөөнөттө жана тартипте караларын айтты.
Эске сала кетсек, министр жана анын орун басарлары бекитилген графикке ылайык ар аптада иш күндөрү жарандарды кабыл алышат.
Министрликтин коомдук кабылдамасынын телефон номери: +996 (312) 62-05-19.