Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
6 Февраль 2025 ж. 14:19
Көрүлдү: 1413
Кыргызстандын интернет сегментинде өспүрүмдөрдүн адепсиздигин ашкерелеген кыска видео тарап жатат.
Социалдык желелердин колдонуучулары бул видео кайсы өлкөдө тартылганын кызуу талкуулап, өспүрүмдөрдү кескин сындап жатышат. Талкууга үн кошкондордун арасында коомчулуктун бүйүрүн кызыткан видеого түшүп калган өспүрүмдөр кыргызстандыктар болушу мүмкүн деп боолгологондор да жок эмес. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мындай жоромолдорду төгүндөйт жана коомчулукту жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырат.