Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
5 Февраль 2025 ж. 19:08
Көрүлдү: 1640
Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 368 Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жана штаттык саны жөнүндө” токтом долбоору даярдалды.
Аталган токтом долбооруна ылайык, илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалууда: анын ичинде кызматтык окладды аныктаган коэффициентти 50 пайызга, кызматтык окладга кошумча төлөмдөрдү 50 пайызга көтөрүү каралган. Натыйжада жалпы жогорулоо 100 пайызды түзөт. Ошондой эле, илимий институттарда иштеген жардамчы тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылат.
Бул токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, бирдиктүү чечим катары кабыл алынган. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгында илимий уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын 70 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүү тапшырмасы коюлган.
Ошону менен бирге, айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда “эмгек акы 50 пайызга гана жогорулатылып жатат жана бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына туура келбейт” деген маалыматтар тарап жатканы белгилүү болду. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт, алардын кандай максатта таратылып жатканы жана булагы белгисиз.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырат.