"КЫРГЫЗ КУРШЕВЕЛЬ” МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНАСЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Февраль 2025 ж. 18:29

Көрүлдү: 571

Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документке билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана аталган ишкананын директору Жаркынбек Максутов кол койду.

post.title

Бул меморандум тоо лыжа туризми үчүн кадрларды даярдоо, окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана жергиликтүү адистерди “Үч чоку” тоо лыжа кластерине тартуу боюнча тараптардын макулдашууларын камтыйт.

Келишимдин алкагында тоо лыжа туризм чөйрөсүндөгү кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү, курорттук инфраструктураны башкарууда эл аралык стандарттарды ишке киргизүү жана туристтик тармактын актуалдуу талаптарына шайкеш билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү каралган.

Ошондой эле экологиялык туруктуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, ESG стандарттарын жана эл аралык коопсуздук нормаларын, анын ичинде International Organization for Standardization (ISO) жана EN – European Standards талаптарын колдонуу каралган.

Меморандум кесиптик кайра даярдоо курстарын уюштурууну, атайын билим берүү программаларын иштеп чыгууну камтыйт. Алар курортторду башкаруу, аркан жолдор инженериясы, спорттук менеджмент, таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарган багыттарды өзүнө камтыйт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар