Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
5 Февраль 2025 ж. 16:45
Көрүлдү: 1438
Бүгүн, 5-февралда, Бишкекте “Билим берүүдөгү инновациялар: иш берүүчүлөр жана бизнес-ассоциациялар формалдуу эмес билим берүүнүн өнүгүшүнүн жана өзгөрүшүнүн кыймылдаткычтары катары” темасында улуттук форум болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги швейцариялык “Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоору менен биргеликте формалдуу эмес билим берүү чөйрөсүндө диалог түзүү, тажрыйба алмашуу жана стратегиялык пландоо максатында уюштурган бул форум мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул да катышып, сөз сүйлөдү.
Уюштуруучулардын айтымында, улуттук форум төмөнкүдөй максаттарга жетүүнү көздөгөн:
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы эмгек рыногу жумушчу күчтү өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын талап кылат. Формалдуу билим берүү негиз бойдон калат, ал эми формалдуу эмес билим берүү эмгек рыногунун талаптарына тез жооп берип, жумушсуздарды же квалификациясы төмөн кызматкерлерди кыска мөөнөттө окутууга мүмкүндүк берет. Иш берүүчүлөр тарабынан сунушталган заманбап окутуу ыкмалары билимди жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга, эмгек рыногуна багыттоого жардам берет.