Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
5 Февраль 2025 ж. 16:44
Көрүлдү: 1466
Курстар мугалимдерге окуучулардын STEM-сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө үйрөтүүгө багытталган.
Бүгүн, 5-февралда башталган тренингдердин 5-этабы 1 600гө жакын мугалимди камтыйт. Буга чейинки этаптарда 14 000ден ашык мугалим окутулган.
Курстар Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Окутуулар математика жана табигый илимдер (анын ичинде биология, химия, физика, география) багыттары боюнча жүрүүдө.
Курстардын структурасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
Маалымат иретинде: STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасын түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт). Анын өзгөчөлүгү – бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат. Ал эми максаты – балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.