Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
3 Февраль 2025 ж. 18:14
Көрүлдү: 1727
Бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен «Маршалл Кавендиш» басмасынын (Сингапур) жетекчисинин орун басары Джой Тан жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Cerebry платформасын колдонуу менен окуучуларды PISA-2025 тестине биргелешип даярдоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.
Министр белгилегендей, Кыргызстан Cerebry платформасындагы жаңы көндүмдөрдү дароо өздөштүрө баштайт. "Бул - математика жаатында биздин окутуучулардын жана окуучулардын потенциалын жогорулатуу үчүн биринчи инновациялык санариптик платформа. Окуучулардын PISA тестинен ийгиликтүү өтүүсүнө өбөлгө түзөт деп үмүттөнөбүз", - деп белгиледи Д. Кендирбаева.
Белгилей кетсек, Cerebry платформасы – 13 жаштан 16 жашка чейинки курактагы окуучуларды жекече даярдоо үчүн жасалма интеллектти колдонгон билим берүү платформасы.
Ал ар бир окуучунун билим деңгээлине ылайыкташтырылып, структураланган тапшырмаларды, кеңештерди жана токтоосуз пикирлерди берет.
PISA-2025 сыяктуу эл аралык тестирлөөгө мектеп окуучуларын даярдоодо Cerebry платформасы активдүү колдонулат жана аларга аналитикалык ой жүгүртүүнү, татаал маселелерди чечүүдө ишенимди өнүктүрүүгө жардам берет.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Cerebry платформасына кирүү үчүн 130 000 лицензия алат.