Автор: Маалыматтык саясат сектору
31 Январь 2025 ж. 20:58
Көрүлдү: 534
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өткөрүлдү.
Жумушчу топтун мүчөлөрү аталган документтин түзүмү, максаты, иштөө механизмдери боюнча сөз кылышып, сунуштарын беришти.

Талкуунун жыйынтыгында бүгүнкү жыйында айтылган бардык сунуштарды эске алуу менен Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө жобонун долбоорун ийине жеткире иштеп чыкмай болушту.
