Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
31 Январь 2025 ж. 19:46
Көрүлдү: 1434
“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстанда “Евразиялык лицей” эл аралык билим берүү долбоорун ишке ашырууну улантып, Кыргызстандын мектептерине Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин дагы 30 россиялык жаш педагогун жиберди. Үч айдын ичинде алар профилдик предметтерди орус тилинде окутуп, класстан тышкаркы ишке жардам берип, кесипке багыттоо мүнөзүндөгү иш-чараларды өткөрүшөт.
“Бул Кыргызстан менен Россиянын жалпы маданий, билим берүү мейкиндигин түзүүдөгү маанилүү кадам”, – дейт Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Евразия” АКУнун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова.
Бул – россиялык мугалимдердин экинчи тобу. Биринчиси республиканын мектептеринде былтыркы жылдын декабрынан бери иштеп жатат.
Ильнур Камаев Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназияда информатиканы окутат. Ал М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин “Изилдөөчүлүк долбоордук ишмердик” багыты боюнча студенти болуп саналат.
“Мен Башкортостан Республикасынан келгем, башка өлкөдө үйүр алуу, мен күткөндөн да оңой болду. Мектепте мугалимдердин кесипкөйлүгү жогору, алардын балдар жана ата-энелер менен иштөө жөндөмү мендей жаш адиске зор тажрыйба берди. Мектепте жаңы билимдерди тез өздөштүргөн абдан таланттуу балдар окушат. Менин миссиям – балдарды биздеги, Россиядагы, программага үйрөтүү. “Евразиялык лицей” билим берүү долбоору Кыргызстандын мугалимдери менен билимдерди жана окутуу методикаларын алмашууга гана мүмкүндүк бербестен, КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү процесстерин түшүнүүнү да байытат. Мен аларды өнүктүрүүгө жана болочоктогу чакырыктарга даярдоого өз салымымды кошо алам деп үмүтөнөм”, – дейт Ильнур Камаев.
Баш калаадагы А. Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиянын директору Анара Абдураимова белгилегендей, россиялык мугалимдердин келиши – кыргызстандык окуучулар үчүн билимдердин эбегейсиз багажы.
“Россиянын тажрыйбалуу педагогдору менен иштешүү билим берүү процессин байытып гана тим болбостон, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маданий алмашууга да өбөлгө түзөт. Бул тажрыйба Кыргызстандагы билим берүү системасын андан ары өнүктүрүү үчүн негиз болот”, – дейт А. Абдураимова.
“Евразия” АКУ салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат. Ал социалдык жактан маанилүү демилгелерди колдойт, ар кайсы маданияттын өкүлдөрүнө өз ара баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берет, билим берүү, медицина, жаштарды алмашуу жаатындагы долбоорлорду өнүктүрөт.