КЫРГЫЗСТАНДА «WORLDSKILLS KYRGYZSTAN 2025» ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН ЭКИНЧИ ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

31 Январь 2025 ж. 12:30

Көрүлдү: 1258

Бүгүн эл аралык "WORLDSKILLS" кыймылынын алкагында Кыргызстанда кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болгон «WorldSkills Kyrgyzstan» экинчи улуттук чемпионатынын расмий ачылышы болду.

post.title

Чемпионаттын ачылышына билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, эмгек министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, экономика министринин орун басары Чоро Сейитов жана "WORLDSKILLS" коомдук фондунун негиздөөчүсү Куван Жусуев катышты.

Экинчи улуттук чемпионат 18 жаштан 22 жашка чейинки курактагы жаш адистерге жана студенттерге үч негизги багыт: "ширетүү технологиясы"," ашпозчулук" жана "мода технологиясы" боюнча кесиптик чеберчилигин көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан 2023-жылы WorldSkills International улуттук чемпионатынын мүчөсү болгон, ал эми 2024-жылы Францияда өткөн эл аралык мелдештерде биринчи улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү өлкөнүн атын чыгарышкан. Мындай иш-чараларга катышуу тажрыйба алмашууга жана өлкөдөгү кесиптик билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жардам берет.

WorldSkills International 89 өлкөнү бириктирип, IT, курулуш, ашпозчулук жана моданы камтыган 60тан ашуун адистиктер боюнча чемпионаттарды өткөрөт.

WorldSkills экинчи Улуттук чемпионатынын уюштуруучулары- Билим берүү жана илим министрлиги жана “WorldSkills” коомдук фонду. Чемпионаттын өнөктөштөрү- "Айко Сейко" ЖЧКсы, Европа отели жана Текстильди өнүктүрүү борбору.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар