НАДИРА ДЖУСУПБЕКОВА КООМДУК КАБЫЛДАМАДА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Январь 2025 ж. 13:02

Көрүлдү: 1314

29-январда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова министрликтин коомдук кабылдамасында өлкө жарандарын кабыл алып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы жана жалпы билим берүү уюмдарындагы айрым маселелер боюнча арыз-муңдарын угуп, кайрылууларын карап чыгып, тиешелүүлүгүнө жараша түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырмаларды берди.

post.title

Коомдук кабылдамага өзгөчө сунуштары менен кайрылгандар да болду. Маселен, Кыргызстандагы Гуд Нейборс эл аралык уюмунун өкүлдөрү мектептерге экологиялык ажатканаларды орнотууну сунушташты. Шартка байланыштуу бул сунуштун тегерегинде сүйлөшүүлөр улантылмай болду. 

Эске сала кетсек, министр жана анын орун басарлары бекитилген графикке ылайык ар аптада иш күндөрү жарандарды кабыл алышат.

Министрликтин коомдук кабылдамасынын телефон номери: +996 (312) 62-05-19.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар