Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
30 Январь 2025 ж. 12:44
Көрүлдү: 1178
Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул жогорку окуу жайларынын, колледждердин, кесиптик лицейлердин жетекчилеринин тарбия иштери боюнча орун басарларынын жана айрым студенттердин катышуусунда профилактикалык кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге кээ бир окуу жайлардын жетекчилери онлайн форматта катышты.
Министрдин орун басары “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык 2025-2026-жылдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин төмөндөтүүнү көздөп жатканын билдирип, кеңешменин катышуучуларын коррупциялык элементтер менен бирге күрөшүүгө, окуу жайларда жемкорлукка жол бербөөгө, таза жана адилеттүү иштөөгө чакырды.
Кеңешменин жүрүшүндө Абазбек уулу Расул окуу жайлардын жооптуу кызматкерлерине ыкчам маалымат алмашуу, кызматташуу жана профилактикалык иштерди, тренинг, лекцияларды системалуу түрдө өткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.