30-ЯНВАРДА «WORLDSKILLS KYRGYZSTAN 2025» ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРДИН ЭКИНЧИ ЧЕМПИОНАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛОТ

Автор: Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы

29 Январь 2025 ж. 13:56

Көрүлдү: 1065

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 30-январда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин, «WorldSkills» коомдук фондунун жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн, ошондой эле өнөктөштөрдүн, улуттук эксперттердин жана иш берүүчүлөрдүн катышуусунда «WorldSkills Kyrgyzstan» экинчи улуттук чемпионатынын расмий ачылышы болорун кубануу менен жар салат. Бул окуя WorldSkills эл аралык кыймылынын алкагында жүзөгө ашырылып жаткан Кыргызстандагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү мааанилүү кадам болуп калат.

post.title

Чемпионаттын ачылышы 2025-жылдын 30-январында саат 10.00дөн 12.00гө чейин Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 70 дарегинде жайгашкан «Evropa» отелинин «Конгресс» конференц-залында болот.
КР БИМ маалыматтык саясат бөлүмү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар