Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
29 Январь 2025 ж. 12:23
Көрүлдү: 996
Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Д. Кендирбаева жапон делегациясы менен жолукту. Делегациянын курамына сублимацияланган өнүмдөрдү чыгарган "Метарайз Жапан" компаниясынын директору Накамура Рёта, Кыргыз Республикасынын Жапониядагы ардактуу консулу Йотсухаши Мичинори жана бул өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын катчысы Тимур Букулуев кирген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин жана Кыргызстандагы мектеп тамак-ашын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Накамура Рёта мырза сублимацияланып кургатылган азыктарды өндүрүү долбоору жана технологиясы тууралуу айтып берди жана мындай азыктарды мектеп ашканаларына жеткирүүнү сунуштады.
Бул азыктарды өндүрүү Беловодское айылындагы заводдун курулушу аяктагандан кийин жөнгө салынат, ал үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Ошондой эле, Накамура мырза рациондун сапатын жана пайдалуулугун байытууга багытталган мектеп тамак-ашы үчүн өнүмдү соода тармактары аркылуу андан ары сатуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууга даярдыгын билдирди. Долбоордун алкагында компания аш болумдуу тамак-аш топтомдорун, анын ичинде диабет менен ооругандар үчүн ылайыкталган варианттарды иштеп чыгууну жана өндүрүүнү пландаштырууда.
Мектептер үчүн сублимацияланган өнүмдөрдү өндүрө турган заводдун курулушун аяктоо 2025-жылдын июнь-июль айларына пландаштырылган. Бул кызматташуу Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашынын сапатын жакшыртуу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат, ошондой эле өлкөнүн айыл чарбасын жана өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.