МИНИСТРЛИКТЕ БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Январь 2025 ж. 17:47

Көрүлдү: 302

Бүгүн, 24-январда, Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өттү.

post.title

Иш-чарага министрдин орун басарлары Надира Джусупбекова, Расул Абазбек уулу, билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, педагогикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун максаты - жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде предметтик стандарттарды иштеп чыгууга карата талаптарды жөнгө салуучу бирдиктүү документти түзүү.

Министрдин орун басары Надира Джусупбекова жаңы стандарттын иштелип чыгышын "тарыхый учур" деп атады: "Биз стандарттарды биргелешип талкуулап жатабыз, анткени дал ушул ЖОЖдор бала бакчалар жана мектептер үчүн педагогдорду даярдайт. Буюрса, сиздер өз программаларыңарды карап чыгып, аларга маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизесиңер", - деп белгиледи.

Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Улан Мамбетакунов иш-чаранын катышуучуларына мектепке чейинки билим берүүнүн  стандарты боюнча презентация жасады. Андан соң Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева жалпы билим берүү стандарттар тууралуу презентация кылды.

И. Арабаев атындагы КМУнун билим берүү программаларынын сапатын мониторингдөө жана лицензиялоо департаментинин башкы адиси Кенжегүл Кыдыкбаева, жаңы стандартты ийгиликтүү ишке ашыруу билим берүүнүн бардык деңгээлдери тыгыз байланышта болгондо гана мүмкүн экенин белгиледи: "Мектепке чейинки, жалпы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү бири-бирине байланыштуу. Биргелешкен талкуу гана мазмундуу жана сапаттуу стандартты түзүүгө мүмкүндүк берет."

Жаңы стандарт педагогдорду даярдоонун сапатын жакшыртууга негиз болот, бул бүткүл өлкө боюнча балдардын билим деңгээлине таасирин тийгизет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар