МУГАЛИМДЕРГЕ “АЛТЫН КАЗЫК” БРЕНДИНДЕГИ НОУТБУКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Январь 2025 ж. 17:46

Көрүлдү: 283

2025-жылдын 23-январында Каракол шаарындагы STEM сабактары боюнча мугалимдерге “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Калаадагы М. Горький атындагы мектеп-гимназияда өткөрүлгөн салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековалар да катышты.

post.title

Иш-чаранын алкагында Каракол шаарынын мугалимдерине 192 ноутбук берилди.

Эске сала кетсек, бул ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулган. Ата-мекендик ноутбуктардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигине Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия тыкыр текшерүү жүргүзгөн.

Тапшырылган ноутбуктар “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктардын алгачкы партиясы болуп калат. Ноутбуктардын кийинки партиялары жыл ичинде министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнө да белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар