Д. КЕНДИРБАЕВА ПАКИСТАНДЫН СИНД ПРОВИНЦИЯСЫНЫН ГУБЕРНАТОРУ ЖАНА ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы

24 Январь 2025 ж. 10:49

Көрүлдү: 268

Медициналык билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Пакистандын Синд провинциясынын губернатору жана жогорку билим берүү министри менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө министр билим берүү тармагындагы артыкчылыктар, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын өнүгүүсү тууралуу кеңири маалымат берди. Чет элдик студенттердин коопсуздугу жана алардын өлкөдө ыңгайлуу билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттарга өзгөчө көңүл бурду.

Министр эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен ишке даяр экендигин билдирди. Ошондой эле ал Пакистан тараптын өкүлдөрүн Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында чет элдик студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга чакырды.

Бул жолугушуу өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салууда жана Пакистандан келген студенттер үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү кадам болду.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар