Автор: Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы
24 Январь 2025 ж. 10:43
Көрүлдү: 276
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Пакистандын Карачи шаарындагы Ага Хан университетинде болушту. Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору да кирди.
Иш сапардын жүрүшүндө делегаттар Ага Хан университетинин орто мектебинин, Билим берүүнү өнүктүрүү институтунун жана Медициналык жогорку колледждин ишмердүүлүгү менен таанышты. Медициналык кадрларды даярдоо стандарттарын изилдөө, ЖОЖдордун жана мектептердин педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу, Кыргыз Республикасында педагогикалык билим берүүнү реформалоо, ошондой эле заманбап билим берүү технологияларын киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын окуу жайлары менен кооперация жана коллаборация мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Иш сапардын алкагында катышуучулар заманбап билим берүү тажрыйбалары жана медицина жана медайымдык иш жаатындагы адистерди даярдоого карата уникалдуу ыкмалар менен таанышышты. Окуу программалары, лабораториялар жана изилдөө долбоорлору сунушталды, бул Кыргызстандын медициналык билим берүү уюмдарында мыкты практикаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого мүмкүндүк берди.
Кызматташтыктын келечеги жөнүндө талкуулар билим берүү программаларын экспертизалоо жана өркүндөтүү, студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу, биргелешкен изилдөөлөрдү жана басылмаларды уюштуруу, ошондой эле окутуучулардын курамы үчүн квалификацияны жогорулатуу жана практика программаларын өнүктүрүү маселелерин камтыды. Эки өлкөнүн университеттеринин ортосундагы кесиптик жана илимий өз ара аракеттенүү үчүн жаңы горизонтторду ача турган жогорку квалификациялуу адистерди жана илимпоздорду даярдоого багытталган PhD-программаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулар жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн окутуунун заманбап методдорун жана технологияларын билим берүү процессине интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле педагогикалык кадрларды даярдоо, 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн алкагында педагогикалык билим берүүнү реформалоо боюнча көйгөйлөр талкууланды.
Жолугушуунун дагы бир маанилүү учуру англис тили жана STEM-сабактар боюнча окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу программасын талкуулоо болду. Делегация STEM-предметтер боюнча мугалимдерди англис тилинде даярдоо эл аралык билим берүү ресурстарына кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана Кыргызстанда окутуу деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле кыргызстандык студенттерди глобалдык билим берүү мейкиндигине интеграциялоого жана аларды заманбап эмгек рыногунун талаптарына даярдоого маанилүү кадам болуп каларын белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары педагогикалык жана медициналык ЖОЖдордун мугалимдери жана окутуучулары үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча биргелешкен курстарды уюштуруунун варианттарын талкуулашты, атап айтканда, билим берүү тармагында билим жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу үчүн бирдиктүү платформаны түзүү маселеси талкууланды. Аралыктан окутуу жана билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды колдонуу бул кызматташтыктын маанилүү аспекти болот.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Ага Хан университетинин жетекчилигине жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын ортосундагы мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал бул иш сапар билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, педагогикалык жана медициналык кадрларды даярдоо жолундагы маанилүү кадам болгондугун, Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.